Turmush — Кочкор райондук И.Исаков атындагы китепканасында Калыгул Бай уулу мектебинин математик мугалими, акын, пародист Дүйшөбек Орозалиевдин «Ыймандай сырым» ыр жыйнагынын бет ачары өттү. Бул тууралуу аймактык кабары билдирди.
Иш-чарага райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Чоргоева, китепкананын директору Бурулсун Дыйканбаева жана акындын кесиптештери, китепканачылар, Кочкор районундагы калемгерлер катышты.
Акын китебине кирген ырларынан окуп берди. Ал чыгармасында туулган жердин сулуулугун, өзгөчөлүгүн, мезгилдин бүктөмүндөгү адам жашоосунун ак-карасын, түрдүү жагдайларын сезим туйгулары аркылуу сүрөттөгөн. Ошондой эле өлкөнүнү өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктүү атуулдарга арнаган ырлары жана бүгүнкү жаш муундарды окутуудагы, тарбиялоодогу көйгөйлөрдү чечүүгө карата жазган макалалары жарык көргөн.
«Ыймандай сырым» акындын алгачкы ыр жыйнагы болуп саналат.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...