Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 27.01.2015 12:32

Кочкор районунда жыл ичинде эт өндүрүү 12,1 миң тоннага жетти

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор району боюнча бардык түрдөгү чарбаларда мал чарба продукцияларын өндүрүү тармагында жыл ичинде эт өндүрүү 12 миң 119 тоннага жетти. Мындай маалымат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн алынды, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Андан тышкары, сүт өндүрүү 27 миң 984 тоннага жеткен, бирок өндүрүмдөр жалпы жонунан 2013-жылга салыштырмалуу 309 тоннага аз өндүрүлгөн.

Ал эми жумурка өндүрүү 2 миң 62 даана болуп, 103,4%ды түзгөн. Ал эми жүн өндүрүү болсо 501 тоннага жетип, 101,8%ды түзгөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×