Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 28.01.2015 14:48

Кочкор районунда салык чогултуу 105% аткарылды

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор районундагы башкармачылыгынын кызматкерлери тарабынан 2014-жылы салык чогултуу пландагы тапшырмадан ашыгы менен аткарылды.

Мындай маалымат райондун жетекчилиги жыл жыйынтыгын чыгарган отурумда белгиленди, деп кабарлайт аймактык кабарчы. Маалыматка ылайык берилген план тапшырма 72 млн 322,8 миң сом болсо, анын ичинен 75 млн 956,5 миң сом чогултулган.

План тапшырма жыл ичинде ашыгы менен аткарылып, 105%га жеткен.

Белгилей кетсек , 2014-жылга берилген план 2013-жылга салыштырмалуу 6942,7 миң сомго, же 10,6%га көп чогултулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×