Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 16.02.2015 09:32

Кочкор районунда акыркы 5 жылдан бери жалпы 31,1 миң га жайлоо аянттары пайдаланылбай келет, - айыл чарба департаменти

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор району боюнча жалпы жайлоо аянты 410 миң 275 гектарды түзсө, анын бүгүнкү күндө 31 миң 126 га жайлоо аянттары пайдаланылбай келет. Бул тууралуу Кочкор райондук айыл чарба департаментинин башчысы Карыбек Түлеев билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 379 миң 149 га жайлоо жери пайдаланылат.

«Пайдаланылбай жаткан жерлердин себеби, жер аянттарынын көбү аска-зоолор. Жер кыртышы туура келбеген аянттар жана жайлоого ыңгайлыгы келбеген жерлер. Ошондой эле, жайыт жерлердин карамагына киргендиктен учурда пайдаланылбай жатат», - деди К.Түлеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×