Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 20.02.2015 09:58

Мени кетсин деген тараптар - бул соттошууда утулган тараптар, - Кочкор районунун сотунун төрагасы Ш.Астаркулов

Turmush -  Мындай маалыматты бүгүн, 20-февралда Кочкор райондук сотунун төрагасы Ш.Астаркулов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, аны кетсин деген тараптар бул соттошуудан утулган тараптар.

«Буга чейин кайрылып жүргөн С.Жайлообаевдин арызы убагында каралган. Бул соттошууда мыйзам чегинде гана чечим чыккан.С.Жайлообаев айтып жаткан мага болгон нааразычылыгы боюнча бардыгы мыйзам ченемдүү. Ошондой эле, Н.Курманбаевдин иши боюнча бул адам убагында арызды почта аркылуу гана жиберген. Андан сыркары, тиешелүү документтери толук эмес болчу. Азыркы учурда Н.Курманбаевге кат жөнөтүлүп берилген», - дейт Ш.Астаркулов.

Ал коушмчалагандай, аны кызматтан кетирүү тараптары - бул соттошуудан жеңилген тараптардын уюштуруусу. Эми бардыгы өз убагында мыйзамда каралып тергелип, анан жыйынтык чыгат да.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×