Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 23.02.2015 15:36

Кочкор районунда жергиликтүү кеңештин депутаттары бильярд боюнча мелдешишти

Turmush -  Кочкор районунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасында бильярд боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Аталган турнир жергиликтүү кеңештин депутаттар арасында биринчи ирээт өттү. Бул турнирдин негизги уюштуруучусу болуп Кочкор райондук кошмо жыйындын төрагасы Таалайбек Курткаев эсептелет.

Турнирдин жеңүүчүсү болуп Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Рысбек Абдыкеев аталса, 2-орунду Семиз-Бел айылдык кеңешинин депутаты Жениш Алыбаев жана 3-орунду Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Бейшенбек Мукашов алды.

Жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×