Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 26.02.2015 18:29

Кочкор районундагы Ак-Жар мектебинин көйгөйү 4 жылдан бери көтөрүлүп жатат, бирок маселе дагы эле чечилбей келүүдө, - парламент депутаттары

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар айылындагы мектептин көйгөйүн бул жолу бир катар депутаттар тарабынан көтөрүлдү, деп билдирди ЖК басма сөз кызматы.

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин «Ар түрдүү маселелер» саатында эл өкүлдөрү бүгүнкү күндө АК-Жардагы мектеп окуучулары 8 менчик үйдө окуп жатканын маалымдашты.

Мектептин курулушу 2009-жылы аяктаган жана ага 49 млн сом багытталган. Мектеп сэндвич-панелдер жолу менен салынган.

Депутаттар Мирлан Бакиров, Майрамгүл Тиленчиева, Таалайбек Ибраев бүгүнкү күндө мектеп имаратынын абалы начардыгын, окууга мүмкүн эместигин билдирип, бир катар депутаттар, министрлер бул мектептин абалын өз көздөрү менен көрүп келишкендигине карабай, мектепти сапатсыз кургандар эмдигиче жоопко тартылбай жаткандыгын айтышты.

Тема боюнча: Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы 2007-жылы салынып, көгүчкөндөрдүн мекенине айланган Ак-Жар орто мектебинен фоторепортаж

Вице-премьер-министр Э.Сариева 7 жыл мурун салынганына карабай иштеп чыккан Кочкордогу Ак-Жар мектебинин абалы менен таанышты (фоторепортаж)

Кочкордогу Ак-Жар орто мектебин курган «Хан-Тенгри» ЖЧКсынын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну жергиликтүү кеңештин депутаттары талап кылууда

Кочкор районунун Ак-Жар айылында 407 окуучунун билим алуусу үчүн 7 үй, клуб, айыл өкмөттүн контору бөлүнүп жатат

Кочкордогу Ак-Жар орто мектебин курган «Хан-Тенгри» ЖЧКнын жетекчиси А.Халилов бир дагы соттук отурумга келбей жатат, - айылдык кеңештин депутаты (фото)

Фото — Кочкор районунун Ак-Жар айылында мектеп окуучулары айылдагы бош үйлөрдө окууларын улантышты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×