Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 05.03.2015 10:28

Кочкордун Комсомол айылында ата-энелер каржылап келген «Баластан Нуру» бала бакчасы эми жабылуу алдында турат

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Комсомол айылындагы «Баластан Нуру» бала бакчасы жабыла турган болуп турат. Мындай маалыматты аталган айылдын тургундары билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда «Баластан Нуру» бала бакчасы 2 айдан бери бекер иштеп келе жатат. Балдардын тамак-ашына ата-энелер 400 сомдон чогултуп, 2 ай бою кармап келишкен.

«Кочкор райондук билим берүү бөлүмү быйыл бюджетке кирди деген эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Эми минтип жаңы ачылган бала бакча жабыла турган болду», - дейт жергиликтүү тургундар.

Маалымат катары айтсак, бала бакчада 60 бала тарбияланат. Жалпы айылда болсо 7 жашка чейинки балдардын саны 260га жетет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мамлекет ушундай бала бакчаларды сактап калбаса 400гө жакын түтүн эли бар айыл бала бакчасыз калат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×