Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 11.03.2015 13:24

Кочкор райондук кошмо жыйынынын төрагасы болуп Таалайбек Курткаев 3-жолу шайланды (фото)

Turmush -  Кочкор районунда бүгүн, 11-мартта жергиликтүү кеңешинин төрагасын жана кошмо жыйындын президиумун шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгында, кошмо жыйындын президиумунун мүчөлөрү болуп Асанкул Кадыракунов жана Медетбек Муканбаев шайлынды.

Ал эми Кочкор райондук кошмо жыйынынын төрагалыгына Таалайбек Курткаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, барык катышкан депутаттардын бирден добушуна ээ болуп, 3-жолу төрага болуп шайланды.

Буга байланыштуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Исраилов ошмо жыйындын төрагасын куттуктады. Т.Курткаевге ишине ийигилик каалап, жалпы администрациянын жамаатынын атынан куттуктады.

DSC_0029

DSC_0028

DSC_0031

DSC_0032

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×