Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 11.03.2015 16:38

Кочкор районунда баскетбол боюнча республикалык турнир жыйынтыкталды

Turmush -  Кочкор районундакоомдук активист Кубанычбек Мамбеталиевдин жаркын элесине арналган баскетбол боюнча республикалык турнирдин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Турнирге Нарын шаары, Жумгал району, Балыкчы шаары жана Кочкор районунан келген окуучу кыздар жана балдар арасында өткөрүлдү.

Турнирдин жыйынтыгы менен окуучу балдар арасында Балыкчы шаары 1-орунду камсыз кылды, 2-орунду Кочкор району, 3-орунду Жумгал району алды. Ал эми кыздар арасында 1-орунду Балыкчы шаары, 2-орунду Нарын шаары, 3-орунду Кочкор району алды.

Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана громматалар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×