Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 20.03.2015 14:03

Кочкор районунун Төлөк айылында Нооруз күнү жаштар арасында волейбол боюнча турнир өтөт

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында Нооруз күнү жаштар арасында волейбол боюнча турнир өтөт. Мындай маалыматты аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Айманов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтмында, Нооруз күнү жаштар арасында волейбол боюнча турнир, ошондой эле окуучулар арасында эстафеталык жарыш өткөрүлөт.

«Жалпы Төлөк айылынын ар бир көчөсүнүн тургундары улуттук тамак-аш көргөзмөсүн уюштурулат.Ал эми турнирдин жана көргөзмөнүн жеңүүчүлөрүнө ардак грамота жана акчалай сыйлыктар берилет», - дейт У.Айманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×