Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 20.03.2015 14:10

Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагында Нооруз күнүнө карата ат чабыш оюнары өтүүдө

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айыл аймагында Нооруз күнүнө карата ат чабыш оюнары өтүүдө. Мындай маалыматты аталган айыл аймагынын башчысы Садыбакас Убалиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында азыркы тапта ат чабыш, кунан, жорго, бышты боюнча алгачкы жарыштар өтүүдө.

«Жалпы ат чабышка райондун бардык айылдарынан келишти. Ал эми ат чабыштын байге онду 52 миң сомду түзүп, баш байгелерге 18 миң сомдон тапшырылат. Ошондой эле, буга чейин өткөрүлгөн улак тартыш жана волейбол оюндарын кошкондо баш аягы 130 миң сомдук байге коюлган»,- дейт С.Убалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×