Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 23.03.2015 14:57

Кочкордун Көк-Жар айылына маданият үйүн курган компанияга иш козголуп, айыл өкмөткө 151,8 миң сом кайтарылып алынды

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айыл аймагындагы айылдык маданият үйү өткөн жылы оңдоп түзөөдөн өткөнүнө карабай, кайрадан жараксыз абалга келген. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Жылдызбек Сабырканов билдирди.

Анын айтымында, маданият үйүнүн курулушу боюнча кеткен шалаакылыктын айынан иш козголуп, учурда айыл өкмөткө 151,8 миң сом кайтарылып берилди.

Маалыматка карасак, өткөн жылы түрткү берүүчү грант аркылуу Көк-Жар айыл аймагындагы маданият үйү 2013-жылдын декабрь айында чатыры жана эшиктери оңдоодон өткөн. Арадан бир жыл өтпөй үстүндө урулган тактайчалары түшө баштап, чатырынан суу агып башаган. Ошол учурда эшиктери да суу бойдон салып койгон соң азыр эшиктеринин аралыгы ажырап ачылып калган.

«Бул оңдоого жалпы 1,8 млн сом алып, «Бекнур» ЖЧК курулуш фирмасы жүргүзгөн. Учурда бул фирманын үстүнөн Нарын ОИИБси тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында 151,8 миң сом айыл пулду өкмөткө кайрадан төлөтүп берди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×