Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 01.04.2015 14:49

Кочкордун Кара-Күңгөй айылында бала бакчага кезек күткөндөрдүн саны 300дөн ашты

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кара-Күңгөй айылына 120 орундуу бала бакча керек. Мындай маалыматты аталган айыл аймагынын башчысы Темирболот Абыкеев билдирди.

Анын айтымында учурда айылда бала бакчанын жоктугунан 300гө жакын бала тизмеде турат.

«Жалпысынан айылда 1600дөн ашык адам жашайт. Ушул убакка чейин бала бакча көйгөй жаратып келүүдө. Себеби элдин өсүүсү менен балдарды тарбиялоого бала бакчанын жоктугу айыл тургундарына көп көйгөй жаратууда. Буга байланыштуу айыл өкмөт бала бакча куруу жолдорун издеп келүүдө. Бирок жыйынтык чыга элек. Эми эл аралык уюмдарга кайрылып, бул көйгөйдү чечүүгө аракеттер жасалат», - дейт Темирболот Абыкеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×