Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 01.04.2015 16:05

Кочкор районунун Кара-Саз айылында долбоор аркылуу 100 орундуу бала бакча куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Саз айылында бала бакча жок, 250дөн ашык бала тизмеде турат Мындай маалыматты бул айылга караштуу Кош-Дөбө айыл айыл аймагынын башчысы Темирболот Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, жалпы 1,6 миң адам жашаган Кара-Саз айылында учурда 250дөн ашык наристе бала бакчага баралбай келет.

«Себеби айылда бала бакча курууга айыл өкмөттүн күчү жетпейт. Ошол себептен быйылкы жылы дем берүүчү гранд аркылуу жана долбоорлор аркылуу 100 орундуу бала бакча куруу боюнча сунуштар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат», - дейт Т.Абыкеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×