Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 02.04.2015 17:53

Кочкордун Арсы айылынын тургундары мамлекеттен бала бакча куруп берүүнү суранууда

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Арсы айылынын тургундары мамлекеттен бала бакча куруп берүүнү суранышууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аталган айыл 1920-жылдары эле негизделген. Андан бери Совет бийлигинде жашап Эгемендикке ээ болгон күнү деле ушул бала бакча маселеси эч бир чейилбей келет.

Айыл тургундарынын бири Айсалкын Оморованын айтымында, жылдан жылга жашаган тургундардын саны өсүп, балдар көбөүүдө.

«Эми аларды бала бакчага алып баралы десек айылда бала бакчабыз жок .170 түтүн жааган айылда азыркы учурда 100дөн ашык бала бала бакчага барууну эңсеп келет», - дейт айыл тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×