Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 03.04.2015 16:29

Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында бала бакчага курууга жергиликтүү бийликтин дарамети жетпей жатканын билдиришүүдө

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кара-Мойнок айылында бала бакчага барам деген балдардын саны өсүп барат. Мындай маалыматты аталган айылдын тургундары билдирди.

Алардын айтымында, учурда бала бакча болгону 25 баланы гана тарбиялап келет. Бирок 1059 адам жашаган бул айылга жок дегенде 100 орундуу бала бакча керек болууда.

Бала бакча турган имарат да 1980-жылдары салынып, абалы начар. Айыл өкмөттүн болсо бул көйгөйдү чечүүгө дарамети жетпейт, дешет жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×