Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 06.04.2015 18:09

Кочкордо эки тарбиялануучу кызамыкты бала бакчадан жуктуруп алып, текшерүү жүргүзүлүп жатат

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор районунда 2 бала кызамык оорусун бала бакчадан жугузуп алгандыгы аныкталды.
Мындай маалыматты райондук санитардык эпидемиологиялык жугуштуу ооруларды аныктоо бөлүмүнүн кызматкери Анаркүл Боронбаева билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.
Дарыгердин айтымында, учурда Кочкор айылында жайгашкан «Асел» жана «Алтын балалык» бала бакчаларында 2 бала кызамык оорусун жугузуп алды.

«Азыркы тапта жалпы бала бакчанын ичинде тарбияланган балдарды кызамык оорусунун жугушу боюнча текшерип жатышат.
Былтыркы жылдын март айына карата райондо кызамык оорусу катталган эмес. Быйылкы жылы 22 учур катталды», - деди А.Боронбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×