Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 28.04.2015 11:04

Кочкордук окуучулардын арасында «Акыл ордо» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Кочкор районундагы мектептердин окуучуларынын арасындагы «Акыл ордо» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Райондук кошмо жыйындын төрагасы Таалайбек Курткаев аймактык кабарчыга билдиргендей, катышуучулардын билимин текшерген «Акыл ордо» сынагынын финалдык бөлүгүндө 10 окуучу катышып, жыйынтыгында 1-орунду Мээрзат Замир кызы жеңсе, 2-орунду Айдын Каныбек кызы, ал эми 3-орунду Дастан Алымбек уулу камсыз кылды.

Жеңүүчүлөргө 1-орунга 7 миң сом , 2-орунга 5 миң сом, 3-орунга 3 миң сомдук сыйлыктар жана ардак громматалар тапшырылды. Ошондой эле 1-2-3-орунду камсыз кылган окуучулардын мугалимдерине жана финалга катышкан 7 окуучуга 500 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×