Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 26.05.2015 15:32

Кочкордо Нарын облусунун экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө арналган бизнес форум өтөт

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор айылында 28-майда «Логистикалык борбор Нарын облусунун экспорттук потенциалын өнүктүрүүдө инструмент катары» деген аталышта бизнес форум өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

Форумга Кыргызстандын, Казакстандын ишкерлери жана Индия, Пакистан, Япониянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү катышат.

Бул форумдун уюштуруучулары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы болуп саналат жана иш-чара Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомчулугу программасынын каржылоосунда өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×