Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 03.06.2015 13:51

Кочкор районунда 37 миң долларга кичи футбол аянтчасы ачылды (фото)

Turmush -  Кочкор районунун борбордук сейил бакчасына кичи футболдук аянтча ачылып, учурда футбол сүйүүчүлөрүнө өз кызматын көрсөтүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, футбол аянтчасы жеке ишкер Урмат Ишенбеков тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 37 миң АКШ доллар каражат сарпталган.

Азыркы тапта кичи футбол аянтча жергилктүү футболчулар жана спортчуларды бекер кабыл алып, ал эми мындай ойной тургандарга акчалай кызмат көрсөтүп келүүдө.

Ал эми кичи футбол аянтына Кочкордун сүймөнчүк, патриот уулу болгон Бакинин атынан койулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×