Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 11.06.2015 16:39

Кочкордогу Кум-Дөбө айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары айыл өкмөт башчынын ишине нааразы

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары айыл өкмөт башчынын ишмердигине нааразы. Мындай оюн жергиликтүү кеңештин депутаты Жеткинбек Дүйшекеев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү кеңештин депутаттары буга чейин айыл өкмөт башчы Садыбакас Убалиевдин ишмердиги боюнча көптөгөн кемчиликтерге күбө болгон.

«Мына 8-июндагы айдоо аянтын суу каптап жаткан учурда да өз жумуш ордунан кетип калган. Бир жумада 5 күн болсо, анын бардык учурунда айыл өкмөт башчысын табуу кыйын болот», - жергиликтүү кеңештин депутаты Ж.Дүйшекеев.

Ушунун негизинде алар Кочкор райондук администрациясына кайрылуу жолдошкон, эми кандай чара колдонулат күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×