Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 25.06.2015 16:40

Кочкор районундагы Кара-Мойнок айылынын орто мектеби быйылкы окуу жылына жарактуу эмес

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кара-Мойнок айылынын орто мектеби быйылкы окуу жылына даяр эмес. Мындай маалыматты аталган айылдын жергиликтүү тургундары билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 1938-жылы салынган мектеп учурда урап калуу коркунучунда турат. Быйылкы жылдан бери жаңы мектеп куруу иши алдыга жылбай, мектептин долбоору чийилип бүтпөй, эми гана аракеттер жумшалып жатат.

«Ушул жылкы окуу жылында биз, мына ата-энелер балдарыбызды урап калуу коркунучунда турган мектепке жибербейбиз», - дешет жергиликтүү тургундар.

Маалымат катары айтсак, жаңы мектеп куруу иши быйыл башталмак. Эгер башталбаса, окуу жылында балдар мектепке барбай калуу коркунучунда турат.

Жалпысынан ушул мектепте 270 бала окуучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×