Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 07.08.2015 13:14

Кочкор районундагы И.Арабаев атындагы орто мектеби жаңы окуу жылына даяр болбой, полдору чирип, дубалдары көчүп турат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Ишеналы Арабаев атындагы орто мектебинин окуучулары жаңы окуу жылында дубалдары көгөрүп кеткен класстарда окуп баштайт.

Аталган мектептин жамааты билдиргендей, мугалимдер 2008-жылы пайдаланууга берилген бул мектептин имаратынын көчкөн жерлерин улам-улам бүтөп, абалы жаман болгон класстарды оңдооп келди.

«Мектептин ичиндеги класстардын бары ным тартып, полдору чирип, дубалдары көгөрүп кеткен. Ар дайым жагымсыз жыт уруп турат. Мектептин өздүк бюджети жок болгондуктан айыл өкмөттөн каражат бөлдүрүп, жарактан чыккан жерлерин оңдоп жатабыз», - дешти мугалимдер.

Бул имараттын бир жерин оңдосоң, экинчи жери нымдашып, дубалдары көчүп, көгөрүп айтор айлабызды курутту, деген мектеп жамааты: «Азыркы тапта 3 класстын  полу чирип, жарактан чыга турган болду. Ошону менен бирге мектептин спорт залынын чатырынан суу агып полу чирий баштады», - дешти мугалимдер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×