Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 07.08.2015 14:03

Кочкор районунда футбол боюнча өткөн турнирдин мыкты оюнчулары Ысык-Көлгө жолдомо алышты (фото)

Turmush -  

Нарын облусундагы Кочкор райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү тарабынан футбол боюнча турнир өттү.

Аталган бөлүмдүн кызматкерлери маалымдагандай, Кочкор районунун Кара-Суу айылында өткөн турнирге 5 команда катышып, жыйынтыгында Кочкор айылынын футбол командасы 1-орунду камсыз кылды. 2-орунда Көк-Жар айылы, 3-орунду Кара-Суу айылынын футбол командасы ээледи.

«Жалпы жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана кубок тапшырылды. Ал эми ЖКнын депутаты тарабынан эң мыкты оюнчу ,эң мыкты дарбазачы, эң мыкты гол жаратуучуга 3 күнгө Ыссык Көлгө эс алууга жолдомо берилди. Футбол сүйүүчүлөрү үчүн, бул турнир жыл сайын өткөрүлөт», - дешти бөлүмдүн кызматкерлери.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×