Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 14.08.2015 14:52

Кочкордо мектеп жамааты жаштарды сергек жашоого үндөгөн веложарыш уюштурат

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда 27-август күнү «Tour de Kochkor» аталыштагы веложарыш болот. Мындай маалыматты Кочкор районундагы И.Арабаев атындагы мектеп жамааты билдирди.

Жамааттын билдирүүсүнө ылайык, бул иш-чара Кочкор районунда велосипедди колдонууну жайылтуу, жаштарды сергек жашоого жана өлкөдөгү ар бир кырдаалга активдүү катышууга үндөө максатында өткөрүлөт.

Мындан сырткары веложарыш жөө туризмди өнүктүрүүгө да багытталган.

«Вело жүрүш Кочкор райондук мамлекеттик администрациядан башталып, 21 чакырым аралыкка созулат. Велосипеддерди жол кайгуул кызматынын кызматкерлери коштоого алат. Жарыштын соңунда жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер менен биргеликте ар бир катышуучуга футболка тапшырылат. Мындай веложарышты жыл сайын өткөрүүнү пландап жатабыз», - дешти мектеп жамааты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×