Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 14.08.2015 15:11

Кочкордо 40 жаштан жогорку курактагылар үчүн волейбол боюнча турнир өткөрүү салтка айланды

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда 40 жаштан жогорку курактагылар арасында волейбол боюнча турнир болуп өттү.

Спорттук мелдештин уюштуруучулары билдиргендей, турнирге Кочкор районунан 8 команда катышып, алдыга Көк-Жар айылынан келген команда суурулуп чыкса, 2-орунду Дөң-Алыш айылынын оюнчулары камсыздашты. 3-орунду Кочкор айылынын курама командасы жеңип алды.

«Спорттук мелдештин демөөрчүсү болгон Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана Ардак грамоталар тапшырылды. 40 жаштан жогорку курактагылар үчүн мындай мелдеш жыл сайын уюштурулуп келе жатат», - дешти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×