Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 19.08.2015 10:15

Кочкордо Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн «Кош жылдыз» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарындагы Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында «Кош жылдыз» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Айыл өкмөт башчысы Урмат Айманов аймактык кабарчыга билдиргендей, бул иш-чара Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп, элдин ички ынтымагын бекемдөө максатын көздөйт.

«Кароо-сынакка катышкан айылдын чыгаан таланттары өз өнөрлөрүн тартуулашып, жалпы жергиликтүү тургундардын көңүлүн көтөрдү деп айтсак болот. Буга чейин да мындай кароо-сынактар уюштурулуп келген. Бул сынак Эгемендик күнүнө карата уюштурулгандыктан жакшы деңгээлде өттү. Эң мыкты аткаруучулар менен катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылды», - деди У.Айманов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×