Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 26.08.2015 09:07

Кочкордогу форумда меморандумдарга кол койгон 4 өлкө соода-экономикалык кызматташтыкты улантат

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында кечээ, 25-августта «Нарын — Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн» аталышындагы III эл аралык инвестициялык форум болуп өткөндүгү маалымдалган.

Эл аралык деңгээлдеги иш-чарага Кытай Эл Республикасынан (КЭР), Орусия Федерациясынан, Беларусь Республикасынан жана Кыргызстандан башка аймактарынан келген ишкерлер менен расмий өкүлдөр катышты.

Форумдун катышуучуларын облус жетекчиси Аманбай Кайыпов куттуктап, Нарын облусу географиялык жактан Азия менен Европанын ортосунда орун алгандыгын, бул эки дүйнө бөлүгүн Улуу Жибек жолу аркылуу байланыштырып тургандыгын, ошондуктан биргелешип иш аракеттерди көрүү зарылдыгын белгиледи, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мындай сунушка Кытайдын Кашкар аймагынын вице-губернатору Чэнь Чжицзян да кошулуп, болочокто Кыргызстан аркылуу темир жол куруп, Кашкар аймагы менен Нарын облусу эки жактын көпүрөсү болуп калат деген пикирин кошумчалады.

Форумда Борбор Азия университети, КЭРдин «Кашкар» жана Беларуссиянын «Витебск» эркин экономикалык аймактары тууралуу кеңири маалыматтар берилип, төрт тараптын ишкерлеринин ортолорунда өз ара баарлашуулар уюштурулду. Жыйынтыгында өкмөттүн Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн аппараты менен Кашкар аймагынын, Нарын, Кашкар жана Витебск ЭЭАлардын, Нарын ЭЭАгы менен Москва шаарындагы «Итарон» холдингинин, ошондой эле Нарын шаарындагы «Шалбар» ишканасы менен кытайлык «Мини-Имай» компаниясынын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюлду.

Кочкордо «Нарын — Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн» аталышындагы 3-эл аралык инвестициялык бизнес-форум өтүп жатат (фото)

«Нарын — Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн» эл аралык форумдун алкагында табигый продукциялардын көргөзмөсү уюштурулду (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×