Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 12.10.2015 17:13

Кочкордогу окуучулардын арасынан «Кыргыз бийи» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталат

Turmush -  Кочкор районунда 24-октябрда кыргыз бийин даңазалоо максатындагы «Кыргыз бийи» кароо-сынагы өткөрүлөт. Маалыматка ылайык, бул демилгени Кочкор райондук кошмо жыйыны, кыргыз бий мектеби жана Кочкор районунун жаштары көтөрүп чыккан, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сынакка райондогу мектептердин окуучулары катышат. Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×