Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 15.10.2015 08:25

Эл жазуучусу С.Өмүрбаевдин бюсту Кочкордогу «Сейил» багына орнотулду

Turmush -  Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин туугандары бюстун орнотту. Бюстун ачылыш аземи кечээ, 14-октябрда Нарындын Кочкор районундагы Кочкор айылында өттү, деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Жазуучунун 85 жылдык мааракесине карата жасалган бюст Кочкор айылындагы «Сейил» эс алуу багына орнотулду.

Иш-чарага жазуучунун уулу – медицина илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Өмүрбаев, кыздары Нургүл, Жыпара, Бакыт, Жылдыз жана Жыргал Өмүрбаевалар, небереси Бермет Иманалиева жана башка туугандары катышты. Ошондой эле маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимов, Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын Меңди Мамазаирова жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×