Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 19.10.2015 10:46

Кочкордогу «Алтын күз» кароо-сынагы менен мектептин «Ханы» менен «Ханбийкеси» аныкталды (фоторепортаж)

Turmush -  Кочкордогу Калыгул Бай уулу орто мектебинде «Алтын күз» кароо-сынагы болуп өттү. Аталган кароо-сынака мектептин 9-10-11-класстары катышып, алардын арасында мектептин «Ханы» менен «Ханбийкеси» аныкталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кароо-сынак жыл сайын күз мезгилинде өтөт. Бул жолку сынак 4 бөлүмдөн туруп, жуптар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сынактын жүрүшүндө саламдашуу, бий, колдо чеберчилик менен жазалган кийимдерди көрсөтүү жана өз өнөрүн тартуулоодо 11-класстан чыккан жуптар Аделия Бактыбек кызы менен Азим Рустам уулу жалпы калыстардын 99 упайына ээ болду. Алар бул көрсөткүч менен Калыгул Бай уулу мектебинин «Ханы» жана «Ханбийкеси» аталды.

Жалпы катышуучуларга кызыктыруучу белектер жана ардак громаталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×