Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 29.10.2015 16:33

Кочкордо жыл башынан бери ичеги-карын оорулары менен ооруган 145 бейтап катталды

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор району боюнча ичеги-карын оорулары менен ушул жылдын өткөн 9 ай аралыгында 145 бейтап катталган. Анын ичинен 114ү 14 жашка чейинки балдар экендиги аныкталды, деп маалымдалат райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан Turmush басылмасынын кабарчысына.

Маалыматка ылайык, 145 учурдун ичинен 86 учуру лабораториялык жол менен аныкталган.

Бул көрсөткүч, өткөн жылдын 9 айында 190 учурду түзүп, анын ичинен 14 жашка чейинки балдардын саны 153кө жеткен.

Ал эми 2015-жылдын 9 айына карата 145 учур катталып, анын ичинен 14 жашка чейинкилери 114 учурду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×