Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 29.10.2015 16:51

Кочкордо өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу кургак учук оорусу 8 учурга азайды

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кургак учук оорусу өткөн жылга салыштырмалуу 8 учурга азайды. Мындай маалыматты Кочкор райондук санитарлык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, 2014-жылдын 9 айында Кочкор району боюнча кургак учук оорусу менен 48 учур катталса, ушул жылдын өткөн 9 айында аталган илдет менен 40 бейтап катталды.

Ошондой эле кургак учук оорусунун ачык түрү менен ооругандар 2014-жылдын 9 айына карата үчөө болсо 2015-жылдын сентябрь айына карата бирөө катталды.
Район боюнча оорунун көп катталган айылдары болуп Кочкор айылы эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×