Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 12.11.2015 09:14

Кийинки жылы өлкөдөгү 200 мектеп жаңы курулуп, капиталдык оңдоодон өткөн имараттарда билим берет

Turmush -  Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков өлкө боюнча кийинки жылы 200 мектептин имараты жаңылана тургандыгын белгиледи, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Тез арада жарактан чыгып, кайрадан жаңы имарат салынган Ак-Жардагы мектеп 10-ноябрда пайдаланууга берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өлкө боюнча 2016-жылы 100 мектептин имаратын жаңы куруу жана 100 мектептин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча бюджеттен каражат бөлүү планы бар экенин кошумчалады.

«Быйыл 69 мектептин имараты курулуп бүттү. Кийинки жылы 100 авариялык мектептин имараты жаңы курула баштайт жана 100 мектептин имараты капиталдык оңдоодон өтөт. Өлкөдө 2707 мектеп бар болсо, алардын бардыгы тең заман талабына ылайыктуу типтүү мектеп болот жана сапаттуу билим берүү маселеси гана калат.

Өлкөдө 20 жыл ичинде билимге байланыштуу маселелер пайда болду. Билимдүү делген ЖОЖду аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн арасында арыз жазганда атын жаза албагандар да бар. Ушул маселени чечүү керек. Ал эми мугалимдер үй-бүлө маселесин ойлобостон окуучуларга кантип сапаттуу билим берүү керектигин ойлогудай шарт түзүп берүү зарыл», - деди Ч.Турсунбеков.

Маалымат катары айта кетсек, быйыл өлкө боюнча 69 мектептин имараты жаңы курулууда. Нарын облусу боюнча 7 мектептин имараты жаңы курулуп, 14 мектептин имараты капиталдык оңдоодон өттү.

Кочкордун Ак-Жар айылындагы жаңы мектеп министрдин катышуусу менен пайдаланууга берилди (фото)

Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагындагы 2007-жылы салынып, көгүчкөндөрдүн мекенине айланган Ак-Жар орто мектебинен фоторепортаж

Кочкордогу Ак-Жар орто мектебин курган «Хан-Тенгри» ЖЧКнын жетекчиси А.Халилов бир дагы соттук отурумга келбей жатат, - айылдык кеңештин депутаты (фото)

Кочкор районундагы Ак-Жар орто мектебин кайрадан куруу эмес, аны оңоп түзөөгө өкмөт буйруп атат, бирок ага эл каршы, - мектеп директору (фото)

Фото — Кочкор районунун Ак-Жар айылында мектеп окуучулары айылдагы бош үйлөрдө окууларын улантышты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×