Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 15.12.2015 08:37

Кочкордун Талаа-Булак айыл аймагындагы маданият үйгө 3,1 млн сомдук чатыр жабылууда

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Талаа-Булак айыл аймагындагы маданият үйүнүн чатыры жабыла баштады.

Аталган маданият үйдүн имараты 1996-жылы курулуп, бирок чатыр жабылган эмес. Быйылкы жылы мамлекеттен бөлүнгөн 3,1 млн сомго толук чатырланганы жатат.

«Учурда маданият үйүнүн чатырын жабуу иши башталды. Ушул жылдын аягына чейин толук бүтүрүүнү пландап жатабыз», - деди аталган айыл аймактын башчысы Барылкан Кадыркул уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×