Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 16.12.2015 15:06

Кочкордун Көк-Жар айылындагы орто мектепте 1 жылдын ичинде 4 жетекчи алмашты

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Көк-Жар айылындагы орто мектепте 1 жылдын ичинде 4 жетекчи алмашты. Мындай маалыматты кечээ, 15-декабрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов облуста билим берүүнүн сапатын жогорулатууга арналган жыйында билдирди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Дубандын башчысы жыйында бир катар билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын сынга алып, айрым мектептердеги тынсыздандырган абалдарды айтты.

«Эмнеге айрым мектептерде билим сапат жогорулабай эле тескерисинче төмөдөп келет? Кочкор районунда окуучулардын билим сапаты 49%ды түзөт, бул эмне деген көрсөткүч?!

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткен. Бир эле мектепти алалы, Көк-Жар айылындагы орто мектепте 1 жылда 4 жолу жетекчи алмашты. Мектеп — бул оюнчук эмес, улам бирөөнү алып барып жетекчи кылып отургуза бергидей», - деди өкүл райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн отчетторун уккандан кийин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×