Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 02.02.2016 16:07

Эки жолу соттолгону аныкталган Кочкор районунун акими Н.Жусупбеков кызматтан бошотулду (фото)

Turmush -  Башкы прокуратуранын билдирүүсү менен таанышкан премьер-министр Темир Сариев Нарын облусундагы Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбековду ээлеген кызматынан бошотту. Тиешелүү буйрукка 28-январда кол коюлду, деп билдирди бүгүн, 2-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, Башкы прокуратура аким эки жолу сот жоопкерчилигине тартылганын аныктады.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 14-беренесиндеги 1-бөлүмүнө ылайык Кыргызстандын сот жоопкерчилигине тартылган жараны соттуулугу алынганына карабастан аким болуп иштөөгө укугу жок.

Ага байланыштуу Н.Жусупбековду ээлеген кызматынан бошотуу сунушталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×