Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 21.02.2016 15:49

Айыл турмушу: Кочкорлук ишкер Д.Алмазбеков 10 жылдан берки максатын ишке ашырып, 15 миңге жакын балык багып жатат (фото)

Turmush -  Кочкор районунун тургуну Дөөлөтбек Алмазбеков 10 жылдан берки максатын 4 жыл мурун ишке ашырды. Ал 4 жылдан бери балык чарбасы менен алектенип келет.

Учурда 2 көлмөгө 15 миңге жакын балык («радужная форель») багып жатканын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

«Былтыр 20 миңге чейин балык баккам. Биздеги 1 көлмөгө 100 миңге чейин балык багууга болот. Бирок каражаттын жетишсиздигинен улам 20 миңге чейин гана багып жатам. Алдыда балыкты 100 миңге жеткирүүнү пландап жатабыз», - деди ишкер.

Балыктын бирөө 3 килограммдан ашат. Д.Алмазбековдун балык чарбасына 2 үй-бүлө жардам берет.

«Балык багуунун да оорчулугу бар. Эгерде кычкылтек аз болсо ооруп калышат. Андыктан сууну дайыма таза кармоо абзел. Кочкордо балык сатып ала тургандар жокко эсе болгондуктан Бишкек шаарына жеткирип, 1 килограммын 350 сомго сатабыз», - деп кошумчалады Д.Алмазбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×