Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 06.03.2016 10:47

Кочкордун акимин шайлоо 15-мартка белгиленип, 4 талапкер каттоодон өттү

Turmush -  Кочкор районунун акимин шайлоо 15-мартка белгиленди. Мындай маалыматты Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Таалайбек Курткаев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Аталган кызмат үчүн 4 талапкер чыкты.

Талапкерлер:

- Акимдин милдетин аткаруучу Нурлан Керимкулов;

- Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысы Жакшылык Замирбек уулу;

- Мурунку райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Нурлан Эшмукамбет уулу;

- Семиз-Бел айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Бурканбек Акишов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×