Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 09.03.2016 09:10

Жаш талант: Кочкорлук 8 жаштагы Э.Кубанычбеков келечекте Кыргызстанды комуз менен дүйнөгө таанытат (видео)

Turmush -  8 жаштагы кочкорлук комузчу Эржан Кубанычбеков учурда 12ден ашык күү черте алат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Эржан комузду 6 жашында үйрөнө баштаган. Өзүнүн комузга болгон жөндөмү менен учурда райондо өтүүчү кайрымдуулук концерттерден тарта маданий иш-чараларга чейин активдүү катышат.

Учурда Эржан Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинде 2-класста билим алууда. Музыкалык мектепке 7 жашында келип, азыр комуз черткен балдар-кыздардын арасында алдыңкы окуучулардын бири.

«Келечекте комуз аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытууну кыялданам. Азыр 12 күү черте алам. 10 жылда мыкты чебер комузчу болууга аракет кылам», - деди жаш комузчу.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×