Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 09.03.2016 09:46

Жаш талант: Комузда кол ойноткон 11 жаштагы М.Акматов келечекте курулушчу болууну кыялданат (видео)

Turmush -  Комузду мыкты черткен кочкорлук 11 жаштагы Марсел Акматов келечекте курулушчу болууну максат кылат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Марсел учурда Кочкор районунун Теңдик айылындагы Ишеналы Арабаев атындагы орто мектепте 5-класста билим алууда. 3 жылдан бери музыкалык мектепте алган сабагынын натыйжасында бир катар кароо-сынактарга катышкан. Ошондой эле райондогу маданий иш-чараларда ар түрдүү күүлөрдү чертип берет.

«Кичине кезимде комуз чертүүнү кыялданчумун. Үй-бүлөбүздө чоң энем комуз чертчү. Комузга болгон кызыгуу чоң энемден өтсө керек. Комуз чертүү хоббим. Ал эми келечекте курулушчу болгум келет», - деди жаш талант.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×