Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 14.03.2016 15:26

Айыл турмушу: Кочкордун 70 жаштагы тургуну К.Иманканова 5 жылдан бери туристтерди кол өнөрчүлүк менен тааныштырат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Кайырбүбү Иманканова акыркы 5 жылдан бери туристтерди кабыл алып, кол өнөрчүлүк көрсөтүү менен алектенет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иманканова учурда жеке үйүн атайын мейман тосо турган үйгө айланткан. Үй-бүлөсү менен бирдикте сырттан келген туристтерге атайын кыргыздын чий согуу, кийиз жасоо жана шырдак шыруу өнөрлөрүн үйрөтөт.

«Көп жылдар бою райондо билим берүү тармагында иштедим. Ардактуу эс алууга чыгып алып, 2001-жылдан тарта туризм тармагын жандандырып баштадым. Азыр туристтик сезон ачыла элек. Биз жыл сайын туристтерди кабыл алабыз. Ал үчүн «Кочкор city» мейман үйүн жасап алганбыз. Туристтик сезондо чет элдик жарандарды тосуп, аларга сый көрсөтүп, райондун кооз жерлерин жана кол өнөрчүлүктү көрсөтөбүз», - деди К.Иманканова.

Уз айым 5 кыз, 2 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×