Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 15.03.2016 13:18

Соттук териштирүүлөрдөн кийин Кочкордун акими болуп Н.Керимкулов шайланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-мартта Кочкор районунун акими шайланды. Буга чейин 4 талапкер каттоодон өткөн.

Талапкерлер:

- Акимдин милдетин аткаруучу Нурлан Керимкулов;

- Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысы Жакшылык Замирбек уулу;

- Мурунку райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Нурлан Эшмукамбет уулу;

- Семиз-Бел айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Бурканбек Акишов.

Бүгүнкү шайлоого жергиликтүү кеңештеги 140 депутат катышып, 11 эл өкүлү келген жок.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мурунку акимдин биринчи орун басары болуп эмгектенген Н.Керимкулов 83 добушка ээ болду. Экинчи талапкер — Бурканбек Акишовду 57 депутат колдоду.

Ал эми эки талапкер — Замирбек уулу Жакшылык менен Нурлан Эшмукамбет уулу шайлоого чейин талапкерлигин алууну чечкен.

Н.Керимкулов

А 6

Башкы прокуратуранын билдирүүсү менен таанышкан премьер-министр Темир Сариев Кочкор районунун мурунку акими Нурбек Жусупбековду 28-январда ээлеген кызматынан бошоткон.

Н.Жусупбеков

Маалыматта айтылгандай, Башкы прокуратура аким эки жолу сот жоопкерчилигине тартылганын аныктады.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 14-беренесиндеги 1-бөлүмүнө ылайык Кыргызстандын сот жоопкерчилигине тартылган жараны соттуулугу алынганына карабастан аким болуп иштөөгө укугу жок.

Ага байланыштуу Н.Жусупбековду ээлеген кызматынан бошотуу сунушталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×