Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 18.03.2016 10:49

Кочкордо түрк тилдүү элдердин тарыхы менен маданияты Казакстан, Якутиядан келген өкүлдөр менен талкууланды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Шыпак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү борборунда бүгүн, 18-мартта түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучуларынын жана мугалимдеринин, педагогдордун «Түрк дүйнөсү», «Тарыхый-маданий мурастар — элдин көөнөрбөс кенчи» аталыштагы эл аларык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Ага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, район акими Нурлан Керимкулов, педагогдор, тарыхчылар, Казакстан, Якутия мамлекетинен келген өкүлдөр катышууда.

Илимий конференциянын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхын жана маданиятын илимий жактан изилдөө ишине педагогикалык жана илимий коомчулуктун, өсүп жетилип келе жаткан өспүрүмдөрдүн жана жаштардын көңүлүн буруу менен бирге окумуштуулар ортосунда дискуссия түзүү.

Ошону менен бирге иш-чарага Бишкек, Балыкчы шаарларынан, Ысык-Көл, Талас облустарынан жана Нарын облусунун райондорунан окуучулар келген. Ага профилдик окутуу, секциялык иштер менен бирге пленардык жыйындар камтылды.

Бул иш-чаранын алкагында келген коноктор Кочкор районунун аймагындагы тарыхый жерлерге экскурсияга чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×