Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 14.04.2016 12:36

Айыл турмушу: Кочкорлук өрт өчүрүүчү Б.Түнкатаров 50дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калган (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургуну Бактыбек Түнкатаровдун райондук өрткө каршы күрөшүү кызматында эмгектенгенине быйыл 25 жыл болду. Бул убакыт аралыгында 50дөн ашык адамды өлүмдөн куткарып калдым, ошондуктан бул кесибим менен сыймыктанам, деди ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде.

Анын айтымында, 25 жыл аралыгында топтогон тажрыйбасын кызматка жаңы келген өрт өчүрүүчүлөр менен бөлүшүүдөн тажабайт.

«Күчүм бар кезде кесибим менен дагы 10 жылдай иштейм деп ниет кылам. 3 балам бар. Балдарымдын бири менин жолумду жолдоп, учурда бул багытта билим алууда. Өрт өчүрүүчү кесибинин ысык-суугун, түйшүгүн көп көргөнүм менен баламдын тандоосуна каршылык кылган жокмун», - деди 52 жаштагы Б.Түнкатаров.

IMG_20160414_114448

IMG_20160414_114527

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×