Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 25.04.2016 09:59

Кочкордун Дөң-Алыш айылындагы мектеп 42 жылдан бери оңдолгон эмес, - тургундар (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин имаратында 42 жылдан бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, аталган мектеп 1976-жылы колдонууга берилген. Ошол убакыттан тарта сырдоо-актоо иштери гана жүргүзүлүп, толук оңдоодон өткөн эмес. Мектептин полдорунан тарта чатыры, эшик-терезелерине чейин эскилиги жетип, четинен сына баштаган.

Жергиликтүү тургундар мектептин абалын жакшыртуу аракеттерин көрүүнү суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×