Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 25.04.2016 11:42

Айыл турмушу: Кочкордун тургуну Ч.Акматов айына 20га чейин ээр жасап, 15 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынын тургуну Ч.Акматов 1 айда 20га жакын ээр чабат. Ч.Акматов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 2 жылдан бери кыргыз жана орус ээрлерин жасоо менен алектенүүдө.

Аталган айыл райондон 60 чакырым алыс жайгашса да ээр жасатуу үчүн Жумгалдан бери келишет.

«Бүгүнкү күндө ээр жасоо менен үй-бүлөмдү багып келем. Келинчегим ээрдин жабдыктарын тигип жардам берет. Азыркы тапта көк бөрүчүлөргө да атайын ээрлерди жасап жатам, алар сан басылган жабдыктар менен жасала

Орус ээрди жасоо жеңилирээк болсо, кыргыз ээрин жасоо оорчулук жаратат. Орточо эсеп менен 1 айда 15тен 20га чейин ээр жасайм. Орус ээрлер 5 миң сом болсо, кыргыз ээрлер 15 миң сомго чейин сатылат», - дейт Ч.Акматов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×