Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 26.04.2016 13:26

Айыл турмушу: Нарындык пенсионер Б.Ибраимова боз үйдүн кийизин жасоо менен киреше табат (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы Мантыш айылынын тургуну Билимбүбү Ибраимова боз үйлөрдүн кийизин жасоо менен алектенет. Ал айылдагы алдыңкы уз айымдардын бири.

Б.Ибраимова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ага Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү тургундар да кайрылат. Ал жер төшөк жана боз үйдүн кийиздерин өз колу менен жасайт.

«Боз үйдүн кийизин атайын буюртма менен жасайм. Учурда айылдагы уз аялдар болуп чогуу иштейбиз. Көп учурда айылдыктарга жардам катары жасап берем», - дейт Б.Ибраимова.

Ал 20 жылдан берки тигүүчүлүк өнөрдү пенсияга чыккандан кийин да таштаган жок. Жасаган кийиздерин 7 миң сомго чейин баалайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×