Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 27.04.2016 11:01

Дөң-Алыштагы бала бакча начар абалда иштеп жатат (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы бала бакчанын имараты эскирип, бузула турган абалга жетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына бала бакчанын жамааты билдирди.

Алардын маалыматына караганда, аталган бала бакча 1998-жылдан бери иштейт, бирок имаратка оңдоо иштери жүргөн эмес. Учурда бала бакчада 90 бала тарбияланып жатат. Жыл өткөн сайын эскилиги жетип, полдору сыйрылып, ашканадан чыккан саркынды суулар түтүк аркылуу кетпей түйшөлтүүдө, дешет бала бакчанын жамааты.

Бала бакчанын ичиндеги балдар жуунучу жай да эскилиги жетип, дат басты. Ошондой эле бала бакчадагы тамак-аш бышыруучу жабдуулар да жарактан чыгып иштебей калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×